Сауд Арабиясынан Кыргызстанга аба каттамдары жандана турган болду
Кыргызстандын Сауд Арабиясындагы элчиси Улукбек Марипов 4-марттан тарта эки өлкө ортосундагы аба каттамдары жандана турганын билдирди. Элчилик Flynas компаниясы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, Жидда – Ош багытындагы түз аба каттамдарын жандандырууну макулдашты.
“Каттамдар жумасына үч жолу – дүйшөмбү, шаршемби жана жума күндөрү ишке ашырылат. Маанилүү жагдай: бул каттамдар менен биринчи кезекте буга чейин билеттерин алып, бирок уча албай калган жарандарыбыз ташылат”, - деди Марипов.
Ал Жидда – Бишкек багыты боюнча каттамдарды калыбына келтирүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын, бул боюнча да аптасына үч жолку каттам коюларын кошумчалады.
Ушул эле күнү Кыргызстандын Ирандагы элчиси Акылбек Кылычев Ирандагы эки кыргызстандык Азербайжандын аймагына чыгарылганын “Азаттыкка” маалымдаган.
Мунун алдында президент Садыр Жапаров Омандан эки учак менен 300 кыргызстандыкты алып келүү макулдашылганын билдирген.
Тышкы иштер министрлиги Перс булуңунда 22 миңге жакын кыргызстандык бар экенин 2-марттагы брифингде маалымдаган.
Анын ичинен 10 миңге жакын кыргызстандык Бириккен Араб Эмирликтеринде. Катарда 800дөй, Сауд Арабиясында 5 миңден ашуун жана Израилде 100гө жакын кыргыз жараны бар. Мындан тышкары Кувейт, Бахрейн жана Иорданияда жүргөндөр миңге чукул.