Жеңишбек Токторбаев кызматтан кетти
Жеңишбек Токторбаев кызматтан кетти
Жеңишбек Токторбаев Ош шаарынын мэри кызматынан өз каалоосу менен кетти. Акыркы күндөрү анын отставкасы тууралуу маалыматтар тараган, бирок 17-февралда президенттик администрация жана мэрия бул кабарды четке каккан болчу.
Токторбаев 2025-жылдын 23-январынан бери мэр кызматын аркалап келген. Буга чейин ал VII чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты болуп, “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясынан шайланган.