Конституциялык сот Жапаровдун президенттик мөөнөт боюнча кайрылуусун карай баштады

Конституциялык сот Садыр Жапаровдун өзүнүн ыйгарым укугунун мөөнөтү жана президенттик шайлоону өткөрүүнүн жол-жобосу боюнча кайрылуусун кароого киришти.

Маалыматка ылайык, кароо бүгүн тараптардын катышуусуз саат 10:00дө башталган. Чечим кабыл алгандан кийин жыйынтык Конституциялык соттун расмий сайтына жарыяланат.

Белгилей кетсек, өткөн жумада президент Садыр Жапаров өзүнүн ыйгарым укугунун мөөнөтү жана президенттик шайлоону өткөрүүнүн жол-жобосу Баш мыйзамда кандай каралганын чечмелеп берүү өтүнүчү менен Конституциялык сотко кайрылган.

Конституциялык сот мамлекет башчынын кайрылуусуна коомдо жана эксперттик чөйрөдө бул маселе боюнча ача пикирлер пайда болуп, мыйзамдык так эместик жаралууда деген пикирлер себеп болгонун билдирген.

10:10, 17-02-2026

Комментарийлер

Башка жаңылыктар