75 кишинин каты. Кармалган беш адам апрелге чейин камакта болот
Бишкектин Биринчи май райондук соту массалык башаламандык уюштурууга шектелип кармалган Бекболот Талгарбековду, Эмил Узакбаев, Курманбек Дыйканбаев, Аалы Карашев жана Курсан Асановду 10-апрелге чейин камакта калтыруу чечимин чыгарды.
Эскерте кетсек, 9-февралда президенттик шайлоону быйыл өткөрүү сунушу менен көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, аттуу-баштуу адамдар кол койгон кат өлкө башчысы Садыр Жапаровго жана Жогорку Кеңештин ошол кездеги төрагасы Нурланбек Тургунбек уулуна жолдонгону айтылган.
Андан кийин массалык башаламандык уюштурууга аракет кылган деген шек менен ИИМ алгач үч киши, көп узабай дагы экөө кармалганын кабарлаган болчу.