Мамлекеттик күзөт кызматына Сыргак Бердикожоев жетекчи болуп дайындалды
Мамлекеттик күзөт кызматына Сыргак Бердикожоев төрага болуп дайындалды. Тиешелүү тескемеге президент Садыр Жапаров кол койгонун өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.
Азырынча Бердикожоев тууралуу эч кандай маалымат жок.
Эскерте кетсек, аталган кызмат УКМКнын курамынан бөлүнүп, кечээ кайра түзүлгөн.