Кыргыз-кытай чек арасы убактылуу жабылат. Себеби
Кытайда Жаз майрамын белгилөөгө байланыштуу мамлекеттик чек аранын кыргыз-кытай тилкесинде жайгашкан өткөрүү пункттары убактылуу жабылат.
УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришкендей, анын ичинен:
· "Эркечтам" көзөмөл-өткөрүү пункту — 15-февраль саат 20:00дөн 19-февралга чейин;
· "Торугарт" көзөмөл-өткөрүү пункту — 17-февралдан 20-февралга чейин.
Адамдарды, транспорт каражаттарын жана жүктөрдү өткөрүү:
· "Эркечтам" пункту аркылуу — 19-февраль саат 08:00дөн;
· "Торугарт" пункту аркылуу — 20-февраль саат 08:00дөн баштап жанданат.
Чек ара кызматы жарандарды жана тышкы экономикалык ишмердүүлүктүн катышуучуларын мамлекеттик чек арадан өтүүнү пландаштырууда бул маалыматты эске алууну суранат.