Мамлекеттик үлүшү бар ишканалар үчүн лицензия алуу жеңилдейт
Министрлер кабинети 2023-жылдын 14-декабрындагы № 678 "Айрым ишмердүүлүк түрлөрүн лицензиялоо маселелери жөнүндө" токтомго өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу токтом кабыл алды.
Документ президенттин "Фондулук рынокту жана биржалык ишти андан ары өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө" жарлыгын ишке ашыруу максатында иштелип чыккан.
Токтомдун милдети Кыргызстандын фондулук рыногун өнүктүрүүнү тездетүү максатында мамлекеттик үлүшү бар чарба жүргүзүүчү коомдор үчүн ашыкча административдик тоскоолдуктарды алып салуу болуп саналат.