Бишкектин четинен 19 жаштагы кыздын сөөгү табылды

Бишкектин четинен 19 жаштагы кыздын сөөгү табылды


Бишкектеги айланма жолдун жанынан 19 жаштагы кыздын сөөгү табылды.

4-февралда саат 23:04тө Бишкектин Ички иштер башкы башкармалыгына (102) шаардын четиндеги айланма жолдун жанынан сөөк табылганы тууралуу маалымат түшкөн.

Окуя болгон жерге келген Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнүн милиция кызматкери фактыны тастыкташкан. Кыздын сөөгү зомбулук менен өлтүрүлгөн белгилери менен табылган. Факт боюнча "Киши өлтүрүү" беренеси менен кылмыш иши козголду.

Тергөө маркумдун 2006-жылы туулган С.Б. экенин аныктады.

Шектүү 2004-жылы туулган Н.А. экени аныкталды. Окуядан кийин шектүү өзүнө кол салууга аракет кылган. Учурда ал медициналык мекемеде кайтарууда. Сотко чейинки тергөө иштери уланууда.

13:28, 05-02-2026

Комментарийлер

Башка жаңылыктар