Жогорку Кеңештин депутаты үй-бүлөлүк зомбулукка шектелүүдө
Жогорку Кеңештин депутаты үй-бүлөлүк зомбулукка шектелүүдө. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүн А.А. аттуу жаран жазуу түрүндөгү арыз менен кайрылып, анда мурдагы жолдошу — Жогорку Кеңештин учурдагы депутаты Э.С. тарабынан узак убакыттан бери психологиялык кысым көрсөтүлүп жатканын, ошондой эле буга чейин физикалык зомбулук фактылары орун алганын билдирип, чара көрүүнү суранган.
Аталган факты Бишкек шаардык милициясында каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталды. Көрүлгөн чаралардын алкагында коргоо ордери чыгарылды.
"Учурда бардык зарыл болгон текшерүү иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Кошумча маалымат кийинчерээк берилет", - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, бул факт борбор калаанын милициясынын жетекчилигинин көзөмөлүндө турат.