Айдаркенде бир тууган инисин өлтүрүүгө шектүү кармалды
Айдаркен шаарында адам өлтүрүү фактысы катталды. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Айдаркен шаарынын тургуну 60 жаштагы жолдошу киши колдуу болуп өлгөнүн билдирип милицияга арыз менен кайрылган.
Бул факты боюнча "Адам өлтүрүү" беренеси менен кылмыш иши козголуп, шектүү катары бир тууган агасы кармалган.
Тергөө учурунда 22-январь күнү болжол менен саат 14:20 чамасында экөөнүн ортосунда мурдагы келишпестиктерден улам чыр чыгып, анын натыйжасында М.М. ашкана бычагы менен бир тууган инисинин көкүрөк тушуна сайып жиберген. Алган жараатынан улам жабырлануучу окуя болгон жерде каза болгон.
Шектүү 70 жаштагы М.М. кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда кылмыш иши боюнча тергөө аракеттери улантылууда.