Ошто 17 магнитти жутуп алган эки жаштагы балага операция жасалды
Ошто оюнчуктун 17 магнитин жутуп алган эки жаштагы балага операция жасалды. Ош облустар аралык балдардын клиникалык ооруканасынан билдиришкендей, баланын жакындары бейтап үч күндөн бери кусуп жатканын айтып райондук ооруканага кайрылган. Рентгенден текшерүүнүн жыйынтыгында ичегилерде бир нече тизилген белгисиз зат аныкталган.
Ош облустар аралык балдардын клиникалык ооруканасынын хирургдары балага тез арада операция жасап, жутулган 17 даана магнитти бейтаптын ичегилеринен алып чыгышкан. Ушул тапта баланын абалы туруктуу деп бааланууда.
Оорукана ата-энелерге магнити бар оюнчуктар балдар үчүн кооптуу экенин эскертти. Дарыгерлер бир нече магнит жутулганда алар ичеги-карында бири-бирине тартылып, оор кесепеттерге, операцияга чейин алып келиши мүмкүн экенин кошумчалашты.
Ушундан улам оюнчук сатып алууда балдардын коопсуздугуна көңүл буруу керектиги айтылды.