Аялынын кабыргасын сындырып, көгала кылып сабаган киши кармалды
Окуя 7-январь күнү Ысык-Атанын Ивановка айылында болгон. 31 жаштагы аял милицияга арыз менен кайрылып, үй-бүлөлүк зомбулук көрсөткөн күйөөсүнө чара көрүүнү суранган. Соттук медэкспертиза келиндин төртүнчү кабыргасы жылып, сынып кеткенин, денесиндеги көгала менен теринин сыйрылганын тастыктаган.
Милиция 33 жаштагы кызыл камчы кишини убактылуу кармоочу жайга киргизди.