Мурдагы министр бир жылга унаа башкаруу укугунан ажыратылды
Мурдагы илим, жогорку билим жана инновациялар министри Бактияр Орозов Аламүдүн райондук сотунун чечими менен бир жылдык мөөнөткө унаа башкаруу укугунан ажыратылды.
Сот аны "Мас абалындагы айдоочунун транспорт каражатын башкаруусу, транспорт каражатын башкарууну мас абалындагы же башкаруу укугу жок адамга берүү" беренеси боюнча күнөөлүү деп таап, бир жылга айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратуу түрүндөгү административдик жаза дайындады.
Эскерте кетсек, 15-декабрда Бактияр Орозов мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин этикалык ченемдеринин талаптарын сактабагандыгына байланыштуу илим, жогорку билим жана инновациялар министри кызматынан бошотулган. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон.
Ошол эле күнү Аламүдүн районунда Бактияр Орозов мас абалында Toyota Camry айдап бараткан жеринен кармалып, наркологиялык текшерүүдө ичимдик ичкени тастыкталган. Айдоочуга карата протокол түзүлүп, ал эми унаасы айып короого токтотулган.