Садыр Жапаров Япониянын императору Нарухито менен жолугушту
Садыр Жапаров Япониянын императору Нарухито менен жолугушту
Кыргыстандын президенти Садыр Жапаров 19-декабрда Японияга болгон расмий сапарынын алкагында Япониянын императору Нарухито менен жолугушту.
Баарлашуу учурунда эки тарап достук байланыштарды чыңдоо, маданий-гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүү, ошондой эле Кыргызстан менен Япониянын элдеринин ортосундагы өз ара түшүнүшүүнү жана ишенимди кеңейтүү маселелерин талкуулашты.