“Манас” аэропортунда тумандан улам рейсттер башка шаарларга багыт алган

"Манас” аэропортунда тумандан улам рейсттер башка шаарларга багыт алган

«Манас» аэропорту начар көрүнүүдөн улам токтотулган каттамдарды кайра жандандырды.

«Кыргызстан аэропортторунун» маалыматы боюнча, бүгүн эртең менен коюу туман байкалган. 15ке жакын каттам Тамчы, Ташкент жана Алматыга багыт алган.

Азыр көрүнүү калыбына келди жана бардык багытталган каттамдар Бишкекке кайтып келет. Келүү жана кетүү график боюнча жүрүп жатат.

06:00, 01-01-1970

Комментарийлер

Башка жаңылыктар