Кара-Сууда бир үйдөн үч наристе иске ууланып чарчап калды

Кара-Суу районунун Баш-Булак айыл аймагында үч бала көмүр исине ууланып каза болгону белгилүү болду.

Ош облустук милициясынын маалыматына ылайык, окуя 10-декабрда болгон. Алты, үч жана бир жаштагы бир туугандардын өмүрү кыйылган. Алардын 27 жаштагы апасы сегиз жаштагы кызы менен ооруканага түшкөн.

Бул факты Кара-Суу райондук милициясында каттоо алынып, соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Кыргызстанда кыш мезгилинде иске ууланган учурлар утур-утур катталып турат. Быйыл апрелде Чоң-Алай районунда бала бакчанын отканасында 40 жаштагы киши 14 жаштагы уулу менен ушундай жагдайда каза болгон.

17:29, 15-12-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар