Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев Казакстан президенти тарабынан || даражадагы "Достык" ордени менен сыйланды
Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев Казакстан президенти тарабынан II даражадагы «Достык» ордени менен сыйланды. Награда Казакстандын маданият жана маалымат министри Аида Балаева тарабынан Абай Кунанбаев атындагы көчөнүн ачылышында тапшырылды.
Көчөдө Абайдын эстелиги орнотулуп, музейи да курулду. Маалыматта бул объекттер боордоштуктун символу, көркөм баалуулуктун белгиси жана жаш муун үчүн тарбия берүүчү мейкиндик экени айтылды.
Ошондой эле Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаевдин «Атам жөнүндө баян» китебинин бет ачары өттү.