Жакында Балыкчы шаарын өнүктүрүүгө 500 млн сом бөлүнөт – Ташиев

Жакында Балыкчы шаарын өнүктүрүүгө жана инфраструктурасын жакшыртууга 500 млн сом бөлүнөт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев бүгүн шаарга атайын техникаларды тапшыруу аземинде айтканын, атайын кызматтан билдиришти.

Анын айтымында, каражат президенттин Турукташтыруу фондунан бөлүнөт.

"Балыкчы шаары Ысык-Көл облусунун кире беришинде жайгашкан туристтик негизги аймактардын бири болгондуктан калаанын инфратүзүмүн жакшыртуу маанилүү кадамдардын бири", - деди Ташиев.

16:00, 06-11-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар