Кадамжайда аткезчилик менен алып келинген 6-7 тонна күрүч аныкталды

Кадамжайда аткезчилик менен алып келинген 6-7 тонна күрүч аныкталды 

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) маалыматына караганда, Кыргызстан менен Өзбекстандын жарандары Фергана-Чоң-Кара-Кадамжай каттамы менен ар кандай керектөө товарларын алып өтүшкөн.

“Коңшу мамлекеттин жарандары Өзбекстан Республикасынын аймагында көп өлчөмдө күрүч сатып алышкан. Кийинчерээк, алдын ала пландаштырылган кылмыштуу схема боюнча, бул күрүч жүктөр Кадамжай районунун транзиттик аймагы аркылуу Өзбекстан Республикасынын Чоң-Кара анклавына жеткирилген. Андан кийин товарлар Өзбекстан Республикасынын Чоң-Кара анклавынан мыйзамсыз чыгарылып, КР жаранынын Ак-Турпак а/а түшүрүлгөн. Андан кийин товарлар Кыргыз Республикасында сатылган”-деп билдирди УКМК. Кадамжай районунун аймагындагы ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Өзбекстандан Кыргызстанга ташылып келе жаткан болжол менен 6-7 тонна салмактагы күрүчтүн партиясы кармалды.

12:55, 27-10-2025

Комментарийлер

securtiyforeveryone
securtiyforeveryone

Башка жаңылыктар