Мунарбек Сейитбек уулу Дүйнөлүк бокс рейтингинде 3- орунга чыкты
Мунарбек Сейитбек уулу Дүйнөлүк бокс рейтингинде 3-орунга чыкты
Кыргызстандык мушкер Мунарбек Сейитбек уулу Дүйнөлүк бокстун World Boxing рейтингинде үчүнчү орунда турат.
Жаңыланган рейтингдер 17-октябрда жарыяланды.
Анда Сейитбек уулу Париж Олимпиадасында 2-орун үчүн 975 упай топтоп, 60 кг салмакта үчүнчү орунду ээледи.
Жаңы рейтингде World Boxing Challenge турнирлеринде, Дүйнөлүк кубокто, Дүйнөлүк кубоктун финалында, Дүйнө чемпиондугунда жана Олимпиада оюндарында топтолгон упайлар эске алынган.
«Келечекте рейтинг упайларын эсептөөдө континенталдык чемпионаттардагы көрсөткүчтөр да эске алынат»,
- деп айтылат маалыматта.