66,5 миң доллар. Чүй облусунда 66,5 миң доллар. Чүй облусунда алдамчылыкка шектүүлөр кармалды

Аламүдүн РИИБдин кызматкерлери тарабынан ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектелген жарандар кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2023-жылдын декабрынан 2024-жылдын июлуна чейин Б.Р., М.А. атту жарандар жана башкалар, И.Т. атту жарандын ишеничине кирип, ага таандык "КИА Стингер", "БМВ Х5" жана "КИА К5" үлгүсүндөгү унааларды сатып алабыз деп, алдоо жолу менен ээлеп алышкан.

Унааларды жалпысынан 81 миң долларга баалашып, болгону 14 миң 500 доллар төлөп, ал эми калган акчасын белгиленген мөөнөттө берүүнү убадалашкан. Бирок, шектүүлөр изин жашырып, жабырлануучуга 66 500 доллар өлчөмүндө ири материалдык зыян келтиришкен.

Бул факты боюнча Аламүдүн РИИБи тарабынан "Алдамчылык" беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Тергөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1993-жылы туулган М.А., 1988-жылы туулган Т.В. атту жарандар кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Тергөө иштери жүрүп жатат, анын жыйынтыгы менен мыйзам чегинде юридикалык баа берилет.

Ошондой эле милиция кызматкерлери бул адамдардын Чүй облусунун башка райондорунда жасалган ушул сыяктуу кылмыштарга катыштыгы бар-жоктугун текшерип жатышат.

 

 

13:44, 15-10-2025

Комментарийлер

securtiyforeveryone
securtiyforeveryone

Башка жаңылыктар