Өлкөдөгү шайлоочулардын жалпы саны айтылды
Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын орун басары Айдана Жупуева "Кабар" агенттигинин түз эфиринде учурда Кыргызстанда канча шайлоочу бар экенин билдирди.
Анын айтымында, быйылкы жылдын сентябрь айына карата шайлоочулардын саны 4 млн 237 миң адамды түзөт.
"Бизде 30 округ болот. Ар бир округга болжол менен 140 миңден шайлоочу туура келет. Бирок, бир округда 140 миң шайлоочу, ал эми экинчисинде 150-165 миң шайлоочу болушу мүмкүн.
Башкача айтканда, болжол менен 20 пайыз айырмачылык болот. Мунун баары мыйзамдын чегинде жана Конституциялык мыйзамда мындай айырмачылыкка жол берилери жазылган", — деп белгиледи БШКнын төрайымынын орун басары.
Эскерте кетсек, күн мурун Жогорку Кеңештин VII чакырылыштагы депутаттары өзүн-өзү тараткан. Маалым болгондой, кийинки парламенттик шайлоо үстүбүздөгү жылдын 30-ноябрында өтөт.