ЖКны таркатуу тууралуу сунуш тиешелүү комитеттин күн тартибине киргизилди

Парламентти өзүн-өзү таркатуу тууралуу демилге көтөргөн депутаттык топтун сунушу Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин 23-сентябрдагы жыйналышынын күн тартибине киргизилди.

Парламенттин сайтындагы маалыматка ылайык, бул маселе боюнча депутат Улан Примов баяндама жасайт. Сунуш колдоо тапса ал жалпы сессияга чыгарылат.

Жогорку Кеңеште өзүн-өзү таркатуу боюнча 32 депутаттан кол чогултулуп, сунуш парламенттин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулуна жөнөтүлгөн. Спикер бул демилгени колдой турганын айткан.

Анда кезектеги парламенттик шайлоо 2026-жылдын ноябрь айында өтөрү, 2027-жылдын январь айына президенттик шайлоо дайындалганы белгиленип, Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) эки саясий иш-чараны аз убакыттын ичинде өткөрүүгө жетишпей каларын негиз кылынган. Нурланбек Тургунбек уулу эки шайлоонун удаа өтүшү саясий жана экномикалык жактан өлкөгө кыйынчылык жаратат деп эсептейт.

Жогорку Кеңеште өзүн-өзү таркатуу демилгесин депутаттардын жалпы санынын үчтөн экисинен кем эмеси же бери дегенде 60 депутат колдошу керек. Эгерде өзүн-өзү таркатуу жөнүндө чечим кабыл алынса, парламент таркаган күндөн тартып беш күн ичинде президент мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындайт. Шайлоо болжол менен 30-ноябрда өтөрү айтылууда.

 

14:14, 19-09-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар