Чүйдө жол кырсыгынан беш адам мүрт кетип, төрт киши жаракат алды
9-сентябрда Токмок–Кошой автожолунун үчүнчү чакырымында болгон жол кырсыгынан беш адам мүрт кетип, дагы төрт киши жаракат алды.
Чүй облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлагандай, “Тойота-Виш” үлгүсүндөгү автоунаа түштүктөн түндүктү көздөй келе жаткан учурда “Субару-Аскент” машинеси карама-каршы тилкеге чыгып “Тойота-Вишти” сүзгөн.
“Тойота-Виш” үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу менен төрт жүргүнчү кырсык болгон жерден каза болгон. “Субару-Аскенттин” айдоочусу жана үч жүргүнчү ооруканага жаткырылды.
Кыргызстанда быйыл январь-март айларында 1300дөн ашык жол кырсыгы катталып, андан 110 адам каза болгон. Дагы эки миңден көп киши ар кандай жаракат алган.