Үч мамлекет Токтогулдагы сууну сарамжал пайдалануу үчүн протоколго кол коюшту

Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстан ортосунда 2026-жылдын жаз айларына чейин электр энергиясы менен камсыз кылуу боюнча протоколго кол коюлду. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Ага ылайык, Казакстандын энергосистемасы аркылуу Россиядан, Өзбекстан аркылуу Түркмөнстандан электр энергиясын импорттоо шарттары макулдашылган.

Мындан тышкары, Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда да электр энергиясын жеткирүү боюнча эки тараптуу протоколго кол коюлган.

Энергетика министрлиги Токтогул суу сактагычындагы сууну сактоо жана сарамжал пайдалануу үчүн ушундай аракет көрүлүп жатканын белгилеген. Жолугушуу Чолпон-Ата шаарында өтүп, ага үч өлкөнүн суу чарбасы менен энергетикасын тескеген мекемелеринин жетекчилери катышты.

 

09:21, 09-09-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар