Садыр Жапаров "Нарын" жана "Казарман" аэропортторун ачты
Президент Садыр Жапаров Нарын облусуна болгон жумушчу сапарында "Нарын" жана "Казарман" ("Казарманды" онлайн ачты — ред.) аэропортторун ачты. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.
Президент эки аба бекет "Кыргызстан аэропорттору" компаниясынын каражатына реконструкцияланганын билдирди. Ошондой эле Bombardier DASH 8 Q400 үлгүсүндөгү үч аба кемеси алынганын айтты.
"Эмдиги жылы ушундай учактан дагы бирди алабыз. Эл аралык каттамдар үчүн Boeing же Airbus сымал чоң учактарды сатып алуу пландалууда", — деди Жапаров.
Ал былтыр "Талас" менен "Каракол" аэропорттору ачылганын, "Ош" жана "Тамчы" аба майданында жүргүнчүлөр үчүн терминалдар курулуп жатканын, "Манас" аэропортунда учуп-конуу тилкеси жаңыланып, "Жалал-Абад" эл аралык жаңы аэропортунун курулушу башталганын билдирди.
Президент кыргыз авиациясын Европанын "кара тизмесинен" чыгаруу аракети жүрүп жатканын кошумчалады.