Нарындын чуулуу көчөлөрүн эми Транспорт министрлиги өзү жасайт
Нарын шаарындагы Ленин жана Шералиев көчөлөрүн эми Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Кыргыз автожол — Түндүк" мамлекеттик ишканасы жасамай болду. Бул тууралуу мекеме кабарлады.
Министрлик жолду жасоо жана бүтүрүү графигинин аткарылышына өзгөчө көңүл бурулуп, курулуш иштеринин аягына чейин коомчулукка үзгүлтүксүз маалымат берилип турарын убадалады.
"Ленин көчөсүнүн узундугу 9,5 чакырым болсо, Шералиев көчөсү 2,3 чакырымды түзөт", — деп айтылат мекеме тараткан билдирүүдө.
Буга чейин шаардагы эки негизги көчөнү "Бета групп" ЖЧКсы жасап жаткан, бирок компания ишти сапатсыз аткарып, убагында бүтүрбөй, натыйжада анын аткаруучу директору менен транспорт министринин биринчи орун басары камалды.
Кечээ, 31-августта, Ташиев Сузак районундагы курулуштарды кыдырып жүрүп, телефон аркылуу Нарын шаарында жол салып жаткан ишкана убада кылган мөөнөтүнөн кечиккенин айтып, жетекчисин жана министрдин орун басарын тез арада камоого тапшырма берген. Ошондой эле курулушту мындан ары уланта турган мамлекеттик ишканага жолду 10-октябрга чейин бүтүрүүнү буюрган.