Бишкектеги дүкөндөрдө жашылчалардын баасы арзандады
Бишкектеги дүкөндөрдө жашылчалардын баасы арзандады. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Ведомствонун маалыматына караганда, азык-түлүк товарларынын бааларын жума сайын салыштырылып, мониторинг жүргүзүлүп турат.
Гипермаркеттердеги баалардын мониторингинин жыйынтыгы боюнча, 14-августуна карата социалдык маанилүү азык-түлүк түрлөрүнүн баалары ушул эле жылдын 5-августуна салыштырмалуу төмөндөгөндүгү байкалууда. Айрыкча жашылчалардын баасы кескин арзандады.
Негизги азык-түлүктөрдүн бааларындагы өзгөрүүлөр (сом жана пайыздык көрсөткүч менен):
сабиз — 49 сом, 15,5%га арзандады (мурун 58 сом);
пияз — 43 сом, 4,4%га арзандады (мурун 45 сом);
картөшкө — 45 сом, 8,0%га арзандады (мурун 49 сом);
капуста — 27 сом, 10,0%га арзандады (мурун 30 сом).
Жашылча бааларынын төмөндөшү жергиликтүү өндүрүүчүлөрдөн жеткирүү көлөмүнүн өсүшү менен байланыштуу. Баалардын динамикасын мониторинг жүргүзүү үзгүлтүксүз