Базарларга патент системасы кайтарылды. Дагы кандай жеңилдиктер каралууда?
Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков калктын жана ишкердик субъектилердин салык түйшүгүн азайтууну шарттаган айрым мыйзам актыларына киргизилген өзгөрүүлөрдү түшүндүрүп берди.
Эскерте кетсек, аталган мыйзамга ушул жылдын 4-августунда президент Садыр Жапаров кол койгон.
Өзгөрүүлөргө ылайык, базарларга патенттик салык система кайтарылды. Мында субъектилер электрондук эсеп-фактураны тариздөөдөн, ККМди пайдалануудан жана отчет берүү зарылдыгынан бошотулду.
Ысабековдун айтымында, патенттин ставкасы жылдык жүгүртүүгө жараша аныкталат. Мурда соода үчүн 8 миллион сомго чейинки чектөө болсо, патент менен иштегендер үчүн базарларда мындай чектөө болбойт.
Жылдык жүгүртүүсү 4 миллион сомго чейин (дүкөндөр, арабалар, контейнери жок базарлардагы соода түйүндөрү ) айына 1500 сом төлөйт;
Жылдык жүгүртүүсү 8 миллион сомго чейинки контейнерде соода кылгандар айына 3500 сом төлөйт;
Көрсөтүлгөн чектен ашкан учурда ставка жүгүртүүгө жараша көбөйөт.
Өзгөчө соода аймактарына импортко тыюу салынат, экспортко уруксат берилет. "Дордой" жана" Кара-Суу" базарларында катталган субъектилер үчүн импорт боюнча ушундай эле чектөөлөр колдонулат.
Жаңы мыйзамга ылайык, базардан тышкары кичи соода түйүндөрү (күркөлөр, павильондор, 20 чарчы метрге чейинки контейнерлер) дагы патенттик системаны колдонсо болот.
Мындан тышкары, салык ставкалар төмөндөдү. Жеке маалыматтары көрсөтүлбөгөн субъектилерге сатуудан алынуучу салык 4төн 2 пайызга түштү.
Бирдиктүү салык ставкасы төмөндөтүлгөн субъектилерге (0%, 0,5%) жана өзгөчө зонадагы базарлардын субьектилерине, ошондой эле патент менен иштегендерге товарларды сатууда:
накталай эсептешүүдө 3 пайыздан 2 пайызга;
накталай эмес эсептешүүдө 2 пайыздан 1 пайызга түштү.
Бирдиктүү салык боюнча өзгөртүүлөр:
жеке маалыматтары көрсөтүлбөгөн субъектилерге ставка 6 пайыздан 4 пайызга төмөндөтүлдү;
мурдагы 0,1 пайыз жана 1 пайыз ставкалар жокко чыгарылды;
0,5 пайыз ставка боюнча баштапкы жүгүртүү 30 миллион сомдон 50 миллион сомго чейин көбөйтүлдү.
"Бул чаралар мыйзамдуу иштеген субъектилерди колдоо жана салык төлөөдөн качууну азайтуу максатында кабыл алынды", — деди Ысабеков.