Садыр Жапаров Минскиге иш сапары менен барды
Садыр Жапаров Минскиге иш сапары менен барды
Президент Садыр Жапаров Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынына жана IV Евразиялык экономикалык форумга катышуу үчүн бүгүн, 26-июнда Беларустун борбору Минск шаарына иш сапары менен келди. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.
Садыр Жапаровду Беларусь Республикасынын вице-премьер-министри Виктор Каранкевич жана башка расмий адамдар тосуп алышты.