Бишкекте 8 жаштагы баланын ашказанынан 10 сомдук тыйын алынды

Бүгүн Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун дарыгерлери 8 жаштагы баланын ашказанынан 10 сомдук тыйынды замбап эндоскопиялык жол менен чыгарышты.

Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, операция жакында борборго келген SonoScape 550 эндоскоп аппаратынын жардамы менен жасалды. Бул аппарат оорулууну операциясыз дарылоого мүмкүнчүлүк берип, баланын тез айыгышына өбөлгө түздү.

Эндоскопист-хирург Кубанычбек Раззаковдун айтымындпа, мындай кайрылуулар жумасына 3-4 жолу катталат. Жаңы аппараттар ымыркайлар менен иштөөдө өтө маанилүү.

Жабдуулар министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Камчыбек Ташиевдин колдоосу менен алынган.

 

14:25, 12-06-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар