Түптө милиция кызматкери пара менен кармалды
Түптө милиция кызматкери пара менен кармалды
УКМК Ысык-Көл облусунун Түп районунун ички иштер башкармалыгынын улук опер кызматкери, милициянын ага лейтенанты Б.А.Н 30 миң сом пара менен кармады.
УКМКнын басма сөз кызматы билдиргендей, кармалган жаран алдамчылык фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кылмыш жоопкерчилигине тартыларын коркутуп, арыз ээсинен акча талап кылган. Ошондой эле, аталган милиция кызматкери мурда мобилдик банктык тиркеме аркылуу арыз ээсинен 134 миң сом өлчөмүндө пара алганы аныкталган.
Учурда кармалган милициянер Каракол шаарындагы №23 СИЗОго киргизилди.