Кыргызстанда сутка ичинде эки жер титирөө катталды

Кыргызстанда сутка ичинде эки жер титирөө катталды

21-май күнү кечинде Кыргызстандын аймагында эки жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтуна шилтеме берүү менен билдирди.

Биринчи сейсмикалык окуя саат 19:41де Кыргызстан менен Казакстандын чек арасында катталган. Жер титирөөнүн очогунда күчү 3 баллга жеткен. Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Каркыра жана Сан-Таш айылдарында 3 баллга чейин жеткен. Жер титирөөнүн очогу айылдан 7 чакырым түндүктө жайгашкан. Каркыра жана Каракол шаарынан 65 км түндүк-чыгыш тарапта болгон. 

Экинчи жер титирөө саат 20:26да Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда катталган. Күчү да 3 балл, эпицентрде күчү 2,5 баллга чейин жеткен. Жер титирөөнүн очогу айылдан 8 чакырым түндүк-батышты карай, Майлуу-Суу шаарынан 15 чакырым чыгышты карай жайгашкан.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, кыйроолор катталган жок.

14:09, 22-05-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар