Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине 100 миң сомдон  төлөнөт

Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине 100 миң сомдон төлөнөт

Садыр Жапаров Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине 100 миң сомдон төлөп берүүнү буйруду

Финансылык жардамды Улуу Ата Мекендик согуштун майыптары жана катышуучулары, Ленинград блокадасынан аман калгандар, концлагерлердин, геттолордун жана согуш учурунда фашисттер жана алардын союздаштары түзгөн башка мажбурлап кармоо жайларынын жашы жете элек туткундары алышат.

Ошондой эле алар 9-майга чейин жылдык кошумча бир жолку төлөмдү алышат.Кыргызстанда Улуу Ата Мекендик согуштун 32 гана ардагери калды.

10:35, 29-04-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар