Бишкекте 45 кабаттуу мейманкана комплекси курулат

Бишкекте 45 кабаттуу мейманкана комплекси курулат. Анын пайдубалына Садыр Жапаров капсула салды

Ал Манас Тауэр деп аталып, бийиктиги 200 метр болот.  Имаратта беш жылдыздуу мейманкана, бизнес-борбор, конференц-залдар, ресторандар, соода түйүндөрү жана унаа токтотуучу жайлар болот.

Негизги өзгөчөлүгү - имараттын чатырындагы тик учак жана байкоочу палуба. Инвесторлор аны үч жылдын ичинде куруп бүтүрүүнү убадалоодо.

14:35, 14-11-2023

Комментарийлер

Назгүл
Эң соонун
Ниязалиева Айша
Жакшы. Атын Манас мейманканасы деп эле кыргыз тилинде жазып койсо болбойбу. Башка өлкөгө барсаң ошол өлкөнүн тилинде эле жазылат, баары. Тауэр, элдин тили да келбейт го.

Башка жаңылыктар