Туманбаев "Ош" базары кайсы айда көчө турганын айтты
Азыркы "Ош" базарынын ордуна сейил бак, "Кыял" базарынын ордуна оорукана салынат. Бул тууралуу президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев билдирди.
Ал бүгүн соодагерлер менен жолугуп, суроолоруна жооп берген.
Туманбаевдин айтымында, жаңы "Ош" базарына соодагерлер 1-августка чейин көчөт. Рынок толугу менен даяр болгондо гана ишке берилет. Учурдагы базардын жери менчик болгондуктан, мамлекет ээсине кенемте төлөп берет.
"Жаңы базарда шарттар азыркыдан да жакшы болот жана иш үзгүлтүккө учурабайт. Орундар баарына бирдей бөлүнөт", — деди ал.
Жаңы базардан орун алгач эскисинде орду барларга, андан кийин гана сырттан келгендерге берилери кошумчаланды.