Энергетика министрлиги дифференциалдык тарифтерди өзгөртүүнү сунуштады

Энергетика министрлиги дифференциалдык тарифтерди өзгөртүүнү сунуштады.

Жаңы долбоордо электромобилдерди кубаттоочу станциялар, өнөр жай жана коммерциялык керектөөчүлөр гана өз каалоосу менен сутканын убактысына жараша арзан тарифке өтө алат.

Элге (калкка) тарифтер мурдагыдай эле калат.

Жаңы коэффициенттер:

түнкүсүн (00:00–06:00) – 0,75 (мурда 0,5 эле)

күндүз (06:00–00:00) – 1,0 (мурда 1,5 эле)

энергия көп колдонулган сааттар (07:00-10:00 жана 17:00-20:00) – 2 (өзгөрүүсүз)

Дифференциалдык тариф — сутка ичинде баа ар кандай болуп өзгөрүп турган система.

 

16:06, 11-12-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар