БШК Жогорку Кеңешке шайлоонун жыйынтыгын бекитти

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 30-ноябрда өткөн Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун жыйынтыктарын бекитти. Ага ылайык, Боршайком көп мандаттуу 30 округда шайлоо өткөнүн таанып, 29 округдан 87 талапкер Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайланганын билдирди. Ал эми №13 округда өткөн шайлоонун жыйынтыгы мыйзам бузууларга байланыштуу жокко чыгарылган.

Шайлоочулардын тизмесине 4 млн 294 миң 243 жаран киргизилип, 1 млн 584 миң 446 шайлоочу добуш берди. Бул жалпы шайлоочулардын 36,90% түздү. Өлкө аймагында 2492 шайлоо участогу ачылып, аралыктан добуш берүү үчүн 27 шайлоо тилкеси иштеди. Ал эми чет өлкөлөрдө 100 добушкана ачылган. 190 миң 30 адам аралыктан добуш берди.

09:59, 11-12-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар