Президент бийлик жарандардын укуктарын коргоого өзгөчө маани берерин айтты

Президент Садыр Жапаров бийлик жарандардын укуктарын коргоого, сот институттарын чыңдоого, демократиялык процесстерди өнүктүрүүгө жана сапаттуу билим берүүгө, ошондой эле саламаттыкты сактоо тармагына өзгөчө маани берерин билдирди. Бул тууралуу мамлекет башчы кыргызстандыктарды 10-декабрь - Адам укуктары күнү менен куттуктоосунда айтты.

Президент мамлекет аялдарды, балдарды жана аялуу топторду коргоо, аларды басмырлоого каршы күрөшүү боюнча ырааттуу иш жасап келатканын кошумчалады.

“Мына ушундай маанилүү күндө мекендештеримди ар бир жарандын адамдык ар-намысын, кадыр-баркын, көп түрдүү пикирлерин жана элибиздин руханий жана маданий баалуулуктарын урматтоого чакырам. Адам укуктарын коргоо, жарандарды социалдык же башка абалына карабастан, алардын бардыгына сый-урмат көрсөтүү – өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнө, коопсуздугуна жана балдарыбыздын жаркын келечегине негизги салым болуп эсептелет”, - деп айтылат президенттин куттуктоосунда.

1948-жылдын 10-декабрында Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы ассамблеясы Адам укуктары боюнча жалпы декларация кабыл алган. 1950-жылдан тартып бул датага байланыштуу дүйнөнүн ондогон өлкөлөрүндө жыл сайын ар кандай иш-чаралар өтүп, адам укуктарын сактоого чакырык жасалат.

Соңку жылдары Кыргызстанда аялдарга жана балдарга каршы үрөй учурган зомбулук фактылары катталып жатат.

 

11:30, 10-12-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар