Кыргыз-кытай чек арасында күчү 6 баллга жеткен жер титирөө болду

Кыргыз-кытай чек арасында күчү 6 баллга жеткен жер титирөө болду

Бүгүн, 4-декабрда саат 13:44тө кыргыз-кытай чек арасына жакын жерде болжол менен 6,0 баллга жеткен жер титирөө болду.

Кыргыстандын Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматы боюнча, жер титирөөнүн очогу Кытайда, Бедел айылынан түштүк-чыгышта 40 км, Кумтөр кенинен түштүк-чыгышта 85 км жана Каракол шаарынан түштүктө 145 км аралыкта жайгашкан.

Кыргыстандын калктуу конуштарында жер титирөөнүн күчү: Бедел айылында 4,5 балл, Кумтөр кенинде болжол менен 4,0 балл жана Бишкекте болжол менен 3,0 балл болгон.

14:25, 04-12-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар