ИИМ: Шайлоо күнү коомдук тартипти бузуулар катталган жок

ИИМ: Шайлоо күнү коомдук тартипти бузуулар катталган жок 

Жогорку Кеңештин депутаттарын кезексиз  шайлоо маалында жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу жана укук бузууларга жол бербөө максатында ички иштер органдары күчөтүлгөн тартипте иштеди. 

Ыкчам штабдар берген маалыматтарга ылайык, добуш берүү мезгилинде коомдук тартипти одоно бузуу фактылары катталган жок, өлкөнүн бардык аймактарында абал туруктуу.  

Ички иштер министрлиги шайлоо мезгилинде тартипти сактаган, сабырдуулук жана жарандык активдүүлүк көрсөткөн жарандарга ыраазычылык билдирет.

11:27, 01-12-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар