Каркыра жайлоосуна эс алуу борбору курулат
Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Каркыра жайлоосуна жаңы эс алуу борбору курулат. Бул тууралуу Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондунан билдиришти.
Фонддун маалыматына ылайык, жергиликтүү ишкер эс алуу борборун куруу максатында долбоор жазып фондго кайрылган. Байкоочу кеңештин чечими менен ишкерге 15 млн сом пайызсыз насыя бөлүнүп берилген.
Долбоорго ылайык, жалпысынан 200 орундуу 19 корпус курулмакчы. Анын ичинде административдик имарат, тамактануучу жайы, жыйындар залы, көңүл ачуучу жай жана медициналык кызмат көрсөтүү жайы болот.
Аталган эс алуу борборунун курулушу менен жаңы жумуш орундары эле пайда болбостон эс алуучуларга жана чет элдик туристтерге дагы заманбап шарттар түзүлмөкчү. Бүгүнкү күндө акча каражатынын биринчи траншы каржыланды.
Учурда курулуш иштери жүрүүдө.