Бишкекте автобустун айдоочуларынын иш графиги кандай?
Бишкекте автобустун айдоочулары белгиленген иш графиги боюнча иштешет. Бул тууралуу 11 -каттамдын айдоочусу Кубанычбек Усупов “Кабар” маалымат агенттигине берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, ар бир айдоочуга белгиленген график бар. Белгиленген график боюнча айдоочу күнүнө 10 саат иштеши керек. Бирок, каалоосуна жараша иш убактысын 12–13 саатка чейин узартса болот.