Саламат жүрөк: Өлкөдө 15 катетеризациялык лаборатория ачылат
"Саламат жүрөк" улуттук программасынын алкагында өлкөдө 15 катетеризациялык лаборатория (катлаб) ачылат. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев "Кабар" агенттигине билдирди.
Министр белгилегендей, анда бейтаптарга коронарография жасалып, зарыл болгон учурда акысыз стент коюлат. Бул мамлекет тарабынан каржыланат.
"Азыр Бишкек, Ош, Жалал-Абадда да катлаб бар. Ушул жылы Балыкчы, Талас жана Нарында ишке киргизилет. Бүгүнкү күндө имараттарда ремонттор бүтүп калды, эми жабдуулар орнотулат. Жалпысынан 2030-жылга чейин 15 катлаб борборлорун ачабыз", - деди ал.
Эркин Чечейбаевдин пикиринде, эми бейтаптар Бишкекке келип отурбай, өзү жашаган аймактагы облустук, шаардык ооруканаларда стент койдурат.
"Бул учурда көп бейтаптар инфарктан көз жумбай, толук кандуу жашоосуна мүмкүнчүлүк түзүлөт", - деди министр.