Кыргызстанда 3 токой питомниги түзүлүп, 300 гектарга көчөт отургузуу пландалууда
Кыргызстанда "Улуттук питомниктер системасы боюнча потенциалды жогорулатуу жана жергиликтүү шарттарды эске алуу менен пилоттук токой калыбына келтирүү" аттуу долбоор ишке кирди.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, аталган долбоорду Токой кызматы Корея токой кызматы менен биргеликте баштаган.
Иш-чарада тараптар долбоордун негизги багыттары жана алдыдагы иштер боюнча пикир алмашып, талкуу жүргүзүштү.
Анын алкагында Кыргызстанда заманбап көчөтканалар менен теплицаларды куруу, жазы жана ийне жалбырактуу көчөттөрдү аймактардын климаттык өзгөчөлүктөрүнө жараша отургузуу, ошондой эле токой адистерин Кореяга окутууга жөнөтүү маселелери каралды.
Мындан тышкары, өлкө ичинде тренингдер менен семинарларды өткөрүү да пландаштырылууда.
Бул ири демилге токой калыбына келтирүү тармагындагы улуттук потенциалды чыңдоого багытталган. Долбоордун алкагында үч токой питомниги түзүлүп, Мамлекеттик токой фондунун 300 гектар аймагында көчөт отургузуу белгиленди.
Тараптар бул кызматташтык Кыргызстандын токой чарбасын туруктуу өнүктүрүүгө жана экологиялык коопсуздукту чыңдоого маанилүү салым кошоруна ишеним билдиришти.