Президент жарыктын өчүрүлүшү боюнча айткандарына түшүндүрмө берди

Президент жарыктын өчүрүлүшү боюнча айткандарына түшүндүрмө берди 

Президент Садыр Жапаров өлкөнүн энергетика тармагындагы маселелер тууралуу  “Кабар” агенттигине маек курду. Анда талкууга алынып жаткан айрым маселелерге токтолду

“2020-жылы бир аз чыдай тургула деп айтканым чын. Бирок, бул видеодогу сөздөрдү Нарын эли менен 2020-жылы ноябрда жолукканда айткам. Тактап койчу нерсе, кеп анда биз бийликке келгенге чейин өлкө боюнча, анын ичинде бийик тоолуу, кышы узакка созулган Нарын облусуна дагы 700 кВт деген чектөө кирип калган маселе боюнча болчу. Элдер “Ушул чектөөнү алып салсаңыздар, 700 кВт бат эле сарпталып, андан ашык жакканы үчүн 2 сом 16 тыйындан төлөп, бул оорчулук келип жатат” деп кайрылышкан. Мен жооп катары, “Муну алса болот. Азыр эмес, жазга чейин чыдай тургула” деп айткам.

Бул убадабызга турдук. Кийинки 2021-жылы жаздан баштап Нарын эле эмес, жалпы эле өлкө боюнча бийик тоолуу оор шартта жашаган 190 миң абонентке эч кандай чектөөсүз 1 сомдук тариф киргиздик”-деген Жапаров.

Кабар
11:26, 31-10-2025

Комментарийлер

securtiyforeveryone
securtiyforeveryone

Башка жаңылыктар