Садыр Жапаров тесттик добуш берүүгө катышты
Садыр Жапаров тесттик добуш берүүгө катышты
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 30-октябрда Борбордук шайлоо комиссиясы өткөрүп жаткан аралыктан тесттик добуш берүү процессине катышты.
Бишкектеги соода борборлорунун бириндеги шайлоо участогунда онлайн идентификациядан өткөндөн кийин система анын шайлоо округун жана участогун аныктап, бюллетень берди.
БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров президентке шайлоо жабдууларынын иштөө принциптерин жана аралыктан добуш берүүнүн өзгөчөлүктөрүн көрсөтүп берди.
Президент шайлоо процессинин ачык-айкындыгын, техникалык даярдыгын жана бардык жарандар үчүн жеткиликтүүлүгүн камсыздоонун маанилүүлүгүн белгиледи.