Айдоочуларга эскертүү! Ашууларда кар жаайт
Айдоочуларга эскертүү! Ашууларда кар жаайт
Аба ырайынын кескин өзгөрүшүнөн улам көпчүлүк аймактарда кар жаап, жол тазалоо иштери тынымсыз жүрүүдө.
“Кыргызавтожол-Түштүк” жана “Кыргызавтожол-Түндүк” мамлекеттик ишканалары тарабынан күнү-түнү кум-туз аралашмасын себүү жумуштары аткарылып жатат.
Бүгүн, 29-октябрь саат 09:30га карата Бишкек-Ош жолундагы Төө-Ашуу (28-октябрь саат 21:00дон тарта) жана Ала-Бел (28-октябрь саат 21:30дан тарта) ашууларында оор жүк ташуучу унааларга киргизилген убактылуу чектөө күчүндө.
Ал эми Суусамыр-Талас-Тараз жолундагы Өтмөк ашуусунда унаалардын бардык түрүнө убактылуу жол жабык. Азыркы тапта № 36 Жол тейлөө ишканасы тарабынан тазалоо, инерттик материалдарды себүу иштери жүрүп жатат. Бир саат аралыгында жеңил унааларга каттам берилери күтүлүүдө.
Кошумча маалымат берилет.
Транспорт жана коммуникациялар министрлиги кандай кырдаал жаралбасын каршы тилкеге чыкпай, жол эрежесин так сактоого жана унаа дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырып алууга чакырат.