АКШда Трамптын рейтинги тарыхый минимумга түштү
АКШда Трамптын рейтинги тарыхый минимумга түштү
Reuters жана Ipsos жүргүзгөн жаңы сурамжылоого ылайык, Дональд Трамптын ишмердүүлүгүн америкалыктардын болгону 40% колдойт — бул өткөн жумага салыштырмалуу 2%га аз. Ал эми 57% респондент президенттин саясатын ачык түрдө колдобой турганын билдирген.
Негизги нааразычылык — жашоо наркынын өсүшү. Сурамжылоого катышкандардын 63%ы Трамптын инфляцияга каршы чараларына терс баа беришкен.
Экономикалык басым күчөгөн шартта АКШ Борбордук банкы пайыздык ченди төмөндөтүүгө мажбур болгон. Салыштырмалуу, мурдагы президент Жо Байдендин эң төмөн рейтинги 2024-жылы 36% болгон.