Ошто өрттөн 34 жаштагы келин беш баласы менен көз жумду
Ошто өрттөн 34 жаштагы келин беш баласы менен көз жумду
Ошто 6 адамдын өмүрүн алган өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Ош шаарындагы Жибек-Жолу аймактык башкармалыгындагы Орозбеков көчөсүндө таңкы саат 3:30 чамасында үйдүн жер төлөсүндө өрт башталган. Өрт үйдүн чатырына чыкканда кошуналары көрүшкөн.
Өрт өчүрүүчүлөр келген убакта жарандардын жансыз денеси таанылгыс күйүк абалда табылган. Тактоо учурунда алар 34 жаштагы энеси беш жашы жете элек баласы менен болгондугу аныкталган.
Жеринде Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев башчылыгында укук коргоо органдары, тиешелүү кызматтар иш алып барууда.
ӨКМ маалымат берип, 34 жаштагы аял жана 13, 11, 9, 6, 2 жаштагы балдары менен каза болгонун билдирди. Өрт өчүрүүчүлөр жеткен учурда жарандардын жансыз денелери таанылгыс абалда табылган.